Жаңылыктар
Өлкөдө жыл башынан бери 370 баланын жүрөгүнө операция жасалды
Ден соолук
Өлкөдө жыл башынан бери 370 баланын жүрөгүнө операция жасалды

Жыл башынан бери жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу институтунда 370 баланын жүрөгүнө операция жасалган. Бул орто эсеп менен бир жумуш күнүндө экиден баланын жүрөгүндөгү кемтиги бекитилет дегендик.

3 жаштагы Чолпон тубаса жүрөк кемтиги менен туулган. Анын диагнозу жүрөк кемтигинин оор түрү болчу. 11 күн мурда жүрөгүнө экинчи ирет операция жасалды. Азыр абалы жакшы, мына, мына үйгө чыгабыз деп турушат. Бир канча кемтиги болгондуктан операция этап менен жасалышы керек болчу. Ошондуктан 1,5 жашында алгачкы операция жасалган. Бул акыркысы деп кубанып турушат.