Жарык бөлмөдө уктаган адамда жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык ооруларга кабылуу тобокелчилиги жогорураак болот. Бул тууралуу орусиялык илимпоздорго шилтеме берип РИА "Новости" жазды. Адистердин айтымында, адам баласы караңгы киргенде уктап, жерге жарык түшкөндө ойгонушу керек. Организм ушул тартип менен жашайт. "Азыр түн кирсе деле чоң шаарлардын ичи жаркырап турат. Мындай учурда организм караңгы кире элек деп ойлоп, алданып калат дагы уйку келбейт.
Өзгөчө жарык бөлмөгө жатканда, биз акылыбыз менен укташыбыз керек деп уйкуга кетебиз. Ал эми организм "азыр жарык" деп ойлоп каршылык көрсөтөт. Мындай учурда жүрөк, мээ сыяктуу өтө маанилүү органдарга күч келет", — деп жазылат макалада. Ошондуктан адистер күүгүм кирери менен телевизор, планшет жана телефондон баш тартууну сунуштайт.