Жаңылыктар
Базар-Коргон районунда борбордук стадион 35 миллион сомго реконструкциядан өттү
Спорт
Базар-Коргон районунда борбордук стадион 35 миллион сомго реконструкциядан өттү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда борбордук стадион 35 миллион сомго реконструкциядан өттү. Буга чейин бир топ жыл каралбай калган стадион эми эл аралык талапка жооп бере тургандай болуп жаңыланды. Ал үчүн каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Заман талабына төп келип курулган стадиондо коноктор үчүн 3 миң орундуу отургуч коюлуп, чатыры да жабылган. Эми мында спорттук, маданий жана башка ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө жакшы шарт түзүлгөнү район элин кубандырып турат.