Жаңылыктар
Убактылуу өкмөт тууралуу китеп жарык көрдү
Саясат
Убактылуу өкмөт тууралуу китеп жарык көрдү

Апрель окуяларынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт тууралуу китеп жарык көрдү. Китеп "Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтү" деп аталып, 500 беттен турат. Эмгекте Кыргызстандын эгемен тарыхындагы урунттуу окуялардан баштап, толкундоолордун келип чыгуу себептери, убактылуу өкмөт тууралуу маалыматтар хронологиялык түрдө берилген.

Жогоруда белгилүү болгондой, Ордо калаада « Убактылуу өкмөт» аттуу китептин бет ачаары болуп, иш-чарага  ошол кездеги убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү, азыркы жогорку кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер менен журналисттер катышышты. Бул китептин идеясы экс-президент Роза Отунбаевага таандык. Бул эмгектин  негизги маңызы Убактылуу өкмөт көздөгөн милдеттерди аткара алдыбы?- деген суроого жооп берет.

Өмүрбек Текебаев, бул эмгекти быйылкы “Тарых жана маданият жылына”карата жарыялоону туура көрүшкөнүн кошумчалады. Анын үстүнө дүйнөдө болуп жаткан окуяларды эске алганда, өлкөдө убактылуу өкмөт турган мезгилде  өтө тездик менен реформалар жасалган.

Өз кезегинде бул китептин жарык көрүшү өлкө үчүн эсте кала турган олуттуу иш болуп жатканын экс-президен Роза Отунбаева баса белгиледи. “Эмгек жеке эле Убактылуу өкмөт жөнүндө эмес, Кыргызстандын эгемен алгандан бери ушул күнгө чейинки тарыхын камтыган. Бул китеп менен башкалардын алдында биз сыймыктанып, мактансак болот”-деди экс президет.

Иш-чарага катышкан өкмөт башчы Темир Сариев, бийликте турган адам катары Кыргызстан туура багытта баратканын белгиледи. Өлкөдө саясий атаандаштык орногонуна токтолгон премьер, Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарында ачык-айкындуулук орногонун айтты. Мындан тышкары премьер, президенттин буйругунун негизинде өкмөт 17чи жана 24 –мартты мамлекеттик тарыхый күн деп атаганын билдирди.

Авторлордун белгилөөсү боюнча китепти жазууда кыйынчылыктар деле болгон эмес. Китеп чоң тамгалар менен жазылган үчүн барагы көп болуп, бир китептин баасы 800 сомго айланганын авторлор айтышты.Эске салсак, аталган китепте 2010-жылдын 7-апрелинен 21-декабрга чейин иш жүргүзгөн ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн ишмердиги чагылдырылган. Китепти Өмүрбек Текебаев белгилүү юрист Мурат Үкүшов менен биргелешип жазган.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”