Жаңылыктар
Бишкекте "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалы өтөт
Маданият
Бишкекте "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалы өтөт

12-17-ноябрь күндөрү "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук академиялык драма театры кабарлады. Фестивалдын ачылышы 12-ноябрь күнү, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 11.00дө башталат. 

Фестивалдын катышуучулары Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, кызыл килемден басып өтөт. Залкар жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чарада Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди Кыргызстандын бардык театрларынын жана Казакстан, Россия, Тажикстан, Азербайжандын театр актёрлору көрсөтөт.