Жаңылыктар
Кара-Сууда жаңы ФАП ачылды
Ден соолук
Кара-Сууда жаңы ФАП ачылды

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Правда айылында курулган ФАПтын 8 бөлмөлүү имараты 9-ноябрдан тарта пайдаланууга берилди. Райондук админисрациядан билдиришкендей, жаңы имарат 3 млн сомго курулган.

«Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Правда айылында бейөкмөт уюм тарабынан 8 бөлмөлүү ФАП курулган. Ошондой эле бейөкмөт уюм Жаңы-Арык айылында 27 миң долларлык мечит, медресе курган болчу. Ага кошумча Ак-Терек, Таш-Арык, Чайчи-Коргон айылдарына 18 миң доллар жумшалып, таза суу чыгарылды.

Ал эми райондук админисрация ФАПка 4 даана жылыткыч орнотту», - деди акимдин орун басары Мехринса Жороева.