Жаңылыктар
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленүүдө
Маданият
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленүүдө

Быйыл Кыргызстанда залкар жазуучу, ойчул жана гуманист, кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Анын алкагындагы иш-чаралар бир гана өлкө аймагында эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө өтүп жатат. Түрк тилдүү элдердин "Түрксой" маданий уюму 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялаган. Анын алкагында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жаңы ачылган сейил бакка жазуучунун ысымы берилди. Ташкент жана Астанада Чыңгыз Айтматов атындагы жаңы көчөлөр пайда болду. Ал эми Москва шаарында залкар жазуучуга арналып эстелик тургузулду.

Кийинки жумада болсо Түрксой уюму менен Кыргызстандын элчилигинин уюштуруусунда Жапониянын борбору Токиодо Айтматовго арналган эл аралык конференция өтөт. Ошондой эле, 16-ноябрда Токио шаарында элдик оркестрдин коштоосунда чоң концерт өткөрүлмөкчү.

Албетте, залкар жазуучунун 90 жылдыгына арналган ири иш-чаралар Кыргызстандын бардык дубандарында өтүүдө. Бул аптада салтанаттуу иш-чара Талас облусундагы Манас ордо комплексинде уюштурулуп, ага жазуучунун туугандары, калемдештери, бийлик өкүлдөрү жана жалпы эле коомчулук катышты.

Айтматовдун 90 жылдыгы өлкөнүн ар кайсы аймактарында белгиленүүдө. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу жарык дүйнөгө келген Таласта анын мааракесине арналган салтанаттар узап бара жаткан аптада жогорку деңгээлде белгиленди. Бүтүндөй облус бул күнгө кызуу даярдык көргөн. 

Мааракеге арналган иш-чаралар залкарды эскерүү менен башталды. Бишкектен барган расмий өкүлдөр, жазуучунун жакындары эстеликке гүл коюп, улуу инсандын талантына таазим этишти.
Төкмө акындардын таймашы, манас айтуу, элдик таланттардын ыр-бийлери жана театралдаштырылган оюн-зоок мааракенин маданий бөлүгүндө каралган салтанаттар.
Акындар Айтматовду даңазалап, анын басып өткөн жолун, чыгармаларынын өзгөчөлүгүн ырга-күүгө салышты. Жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзгөн 16 төкмөнүн мелдешинде Амантай Кутманалиев баш байгеге ээ болду.
Негизги иш-чаралар уюштурулган “Манас ордо” комплексинен Айтматовдун бүтүндөй ааламын көрүүгө болот. Жазуучунун чыгармачылыгына арналган сүрөттөр көпчүлүктүн назарын бурду. Айтматов жалгыз Таластын гана эмес, кыргыздын сыймыгы. Мааракеге ар облустун өкүлдөрү келип катышты. Үч күн тынбай манас айтылып, элдик таланттар ыр-бий тартуулашты.
Мааракеге карата ат оюндары боюнча мелдештердин өткөрүлүп жатышы бекеринен эмес. Айтматов бабалардан калган бул мураска жогору баа берип, аны улуттун энчиси катары сыпаттаган.
Көк бөрү мелдешине Талас облусунун гана командалары катышты. Башка аймактардын оюнчулары залкардын мааракесине карата уюштурулган Ош шаарындагы республикалык мелдешке даярдык көрүшкөн. Таластагы күч сынашууда “Бакай-Ата - Шыраалжын” командасы баш байгеге ээ болду.

Бул салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө 7 миллион сомго жакын каражат топтолгон. Облустун жетекчилиги демилге аксакалдарга таандык экенин, ал жалпы эл тарабынан колдоого алынганын билдирүүдө. Залкарды даңазалоо үчүн кайдыгер эмес жарандар жетиштүү болду.
Айтматовдун чыгармалары адам турмушундагы жаратылыштын ордун уламыштар менен реалдуулукту айкалыштырып даңазалаган. Советтик доордогу кемчиликтерди катаал көзөмөлгө карабай көрсөтө алган. Анын мурастары муундан-муунга өтүп, сакталып кала берет. 

Мындай салтанат Таласта көптөн бери өткөрүлө элек болчу. Залкардын мааракеси бардык дубандардын тургундарын бириктирди.
Таластагы бул салтанат Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган биринчи да, акыркы да иш-чара эмес. Адабияттын алпы дүйнөнүн ар тарабында даңазаланууда.
Көпчүлүк залкардын чыгармачылыгы адабият дүйнөсүнө өлчөмсүз салым кошуп, маданияттын башка багыттарынын да өнүгүшүнө өбөлгө болгонун белилешет. 80-жылдары кино тармагына карата айтылган “кыргыз кереметинде” Айтматовдун орду өзгөчө. Дүйнөлүк адабиятчылардын айтымдарында Улуу жазуучунун чыгармаларында камтылган ойлор бүгүн да маанилүүлүгүн жогото элек.