Жаңылыктар
Эл эмгегин жер жебейт
Айыл чарба
Эл эмгегин жер жебейт

Түшүмдүн мол болушуна карапайым дыйкандар себепкер. Алардын бири, талаада тыным албай эмгектенген Жаныбек Бейшеналиев. Бул жылы ал Кемин районунда түшүм жыйноо жагынан дыйкандардын сап башына чыкты. Бир гектардан 70-80-тонна кызылча алган. Адистердин айтымында, бул жалпы республика боюнча мыкты көрсөткүчтөрдүн бири. Азыркы күндө Жаныбек Бейшеналиевден кеңеш сурап кайрылгандардын саны көбөйдү.

Кампага 80 тоннадай картошка түштү. Жаныбек Бейшеналиев картошканы жылда талаадан эле сатып жиберчү. Быйыл баасы арзан болгондуктан, наркы көтөрүлгөнчө логистикалык борбордо кармап турат.

Былтыр картошканын бир килограмы 24 сомго чейин сатылган. Быйыл болсо, 10 сомго бааланууда. Фермер “эмгегим акталат” деп, үмүтү зор.

Жаныбек Бейшеналиев Кеминдин үлгүлүү фермери. Ал айыл чарбасында акыркы технологияны колдонуп, быйылкы түшүмдү мол алды. 2 гектар аянтка картошка айдап, 6 гектар жерге кызылча өстүрүп, бир гектарынан эле 70-80 тоннадан түшүм жыйнады.

Фермер отоо чөптөр менен зыянкечтерге каршы күрөшүүдө да өзгөчө ыкмаларды колдонот. Агротехника илимин жакшы өздөштүрүп, кол эмгегин аз колдонуу менен мол түшүм алуунун сырларын жакшы билет. Мындан улам, Жаныбек Бейшеналиев жазгы айдоого эмитен даярданып баштады.

Жаныбек Бейшеналиевдин үйүнө келген коноктор арбын. Көбү фермерлер. Каарманыбыз аларга дыйканчылыктын сырларын үйрөтүп, мол түшүм алуунун жолдору жөнүндө узун сабак кепти улашат.

Фермер бала кезинен музыкага да жакын. “Фермер болбосом, музыкант болмокмун”, - деп тамашалайт. Анда-санда жергиликтүү концерттерди көркүнө чыгарып ырдап коет. Аккордеону менен 20 жылдан бери достошуп, сыр чечишип келет.

Жаныбек Бейшеналиев 6 баланын атасы. Балдары атасынын жолун жолдоп, фермерчилик менен алектенген эмес. Кичинекей кызынан башкасынын баары чет өлкөдө окуп, иштешет. Жаныбек мырза болсо, алдыда дыйканчылыктын жаңы чектерин ачып, бул тармакты өнүктүрүүнү пландап жатат.