Жаңылыктар
Борбор калаадагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшү өзгөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаадагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшү өзгөрөт

Борбор шаардагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшү өзгөрөт. Көп кабаттуу үйлөр менен жаңы конуштарга салууга боло турган тамдардын долбоору сунушталды. 

Мэрия Бишкектеги №105 жана 464-сериядагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшүнүн эскиздерин көрсөттү. Учурда борбор калаада архитектуралык эки конкурс өтүүдө. Биринчи сынактын максаты — бул сериядагы үйлөрдүн жылуулук техникалык абалын жана имараттын дизайнын жакшыртуу. Экинчиси - жаңы конуштарга салына турчу бир бөлмөлүү үйлөрдүн долбоорун аныктоо болду. Конкурс быйыл май айында Кыргызстандын архитекторлор союзу тарабынан жарыяланган.