Жаңылыктар
Бишкекте республикалык жаштар конгресси өттү
Билим
Бишкекте республикалык жаштар конгресси өттү

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында республикалык жаштар конгресси өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышты. Эки жылда бир жолу уюштурулуп келген бул жыйында өлкө аймагындагы активдүү жаштар чогулду. 

Программада төрт презентация каралган. Анда ишкер Тилек Токтогазиев айыл чарба тармагындагы инновациялык кадамдар, күнөскана курулушу тууралуу айтып берди. Ал эми Наргиза Эркебекова өлкө башчысына "социалдык ишкерлик жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин көйгөйлөрүн чечүү жолдору" тууралуу программасын сунуштады.