Жаңылыктар
Кыргыз дзюдочулар Ташкентте өткөн Гран-при сериясындагы турнирде эки медаль утушту
Спорт
Кыргыз дзюдочулар Ташкентте өткөн Гран-при сериясындагы турнирде эки медаль утушту

Кыргызстандык дзюдочулар Ташкентте өткөн Гран-при сериясындагы турнирде эки медаль утушту. Мелдештер 9-11-ноябрь күндөрү өткөн. Алгачкы медалды Владимир Золоев багындырды. Ал 81 килограммга чейинки салмактык категорияда мелдештерге чыккан. 

Кармаштардын жыйынтыгы боюнча ал коло байгени алды. Ошондой эле турнирде Юрий Краковецкий өзгөчөлөнүп, 100 килограммдан жогорку салмактык категория боюнча мелдешке катышып, үчүнчү орунду ээлеген. Ошентип Кыргызстандын курамасынын байге куржунунда эки "коло" медаль бар.