Жаңылыктар
ММА боюнча Бишкекте ачык чемпионат өткөрүлөт
Спорт
ММА боюнча Бишкекте ачык чемпионат өткөрүлөт

Борбор калаада ММА боюнча Бишкек шаары менен Чүй облусунун ачык чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу ММА жана Панкратион федерациясынан кабарлашты. Билдирмеге караганда спорттук иш-чара 23-24-ноябрь күндөрү өтүп, ага 18 жаштан 33 жашка чейинки өлкө аймагынан чогулган мушкерлер катышат. 

Мелдеш 25-ноябрда "International one" деп аталган эл аралык турнир менен жыйынтыкталат. Ачык чемпионатта Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын профессионал спортчулары сегиз беттеш өткөрөт.