Жаңылыктар
Өлкө аймагында 12 - 14-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында 12 - 14-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат

Бишкеке быйылкы күздө 3-жолу кар жаады. “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаар көчөлөрүн кардан тазалоо иштерин таңкы саат төрттө баштаган. Майда кар тынбай себелегенден улам эртең мененки саат 9 да көпчүлүк жолдор тайгалак болуп, унаалардын жүрүшү жайлап калды. Кыргызгидрометтин билдиришине караганда күндүн көзү 16-ноябрда ачылат. Бирок жылуу болбойт.

Ушу тапта Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында кар жаап жатат. Ал эми Ысык-Көл, Нарын жана Баткен, Ош облустарында күн бүркөк. Белгилей кетсек 12 синен 14-ноябрга чейин өлкө аймагы боюнча туруксуз аба ырайы сакталат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ашуу ашкан узак сапарга колдон келсе түнкүсүн эмес, күндүз чыксаңар деп эскертет.

Кардын калың жааганына карабай өлкө аймагындагы ашууларда абал туруктуу. Өтмөк, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында жол тазалоо жана кум себүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары бул ашууларда куткаруучулар, дарыгерлер жана милиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат. Өзгөчө кырдаал катталган жок.

Транспорт жана жолдор министрлигинин тоннель кызматы бөлмөсүндө өлкөдөгү ашуулардагы абалга онлайн түрүндө көз салып турса болот. Хусейин Көлбаев атындагы тоннелдин эки тарабына жана ичине камералар орнотулган. Көрүнүп тургандай жол ачык.

Тазалоо иштери борбор калаада да жүргүзүлдү. Жолдорго таңкы саат төрттөн баштап беш-алты саат аралыгында 92 тонна кум жана 8 тонна техникалык туз себилди. Ага 25 бирдик атайын техника, карды тазалоочу 18 шайман, кум чачкан, кар жүктөгөн жана универсалдуу бир нече автоунаа иштеген. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева тазалоо иштери күнү-түнү улантыларын билдирет. Ал эми жол жээгиндеги тротуарлар кардан тазаланган жок.

Кыргызгидромет мындан ары күндүн бети ачылганы менен жылуу болбойт. 13-ноябрда көпчүлүк аймактарга кар түшөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бурганактап кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Жолдор тоңуп тайгак болот.