Жаңылыктар
Жаштар конгрессинде өзгөчө идеялар, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелер сунушталды
Билим
Жаштар конгрессинде өзгөчө идеялар, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелер сунушталды

Өлкөдө айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө инновациялык программаларды колдонуп, мындан сырткары экологияны сактоого өзгөчө көңүл буруп, социалдык ишкерлик аркылуу социалдык жана экономикалык көйгөйлөр чечилиши керек. Бул демилгелердин бардыгы республикалык жаштар конгрессинде жаш активист, ишкерлер тарабынан сунушталды. Өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбеков жаштардын бардык идеялары мамлекет тарабынан колдоого алынып, андан ары өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүлөрүн билдирди.


Республикалык жаштар конгресси Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата уюштурулган. Өлкө башчысы менен жолугушуунун форматы башкача тандалыптыр. Жаштардын ар бири өзгөчө идеялары, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган демилге, долбоорлору менен келишкен.
Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев “Айыл чарбадагы инновациялар” темасы боюнча баяндама жасады. Ал тармактагы көйгөйлөрдү четинен санап, анын ичинен өлкөгө контрабанда жолу менен келип жаткан айыл чарба азыктарынын көптүгү - жергиликтүү дыйкандардын ишине чоң тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи. 

Программанын экинчи бөлүгү Кыргызстанда жаңы инновациялык күнөскаларды курууга багытталган. Мында Европанын тажрыйбасын колдонуу сунушталат. Маселен, Испанияда 26 миң гектар жерди ээлеген күнсөкана шаарчасы курулган, ал Евро биримдикке кирген өлкөлөрдү теңинен көбүн жашылча жемиш менен камсыз кылат. Арзан баада. Токтогазиев, мындай шаарчаны бизде Ысык-Көл районунун Тамчы айылында курууга мүмкүн экенин айтат.
100 гектар 25 мин тонна жашылча жемиш 1250 фура жашылча жемиш жонотуп турсак болот. Логистика, эле станция, бардыгын бир жерге коопсуздук. 

Ал эми активист Назгүл Акылбек кызы “Ош шаарынын калкынын кайрылууларынын онлайн картасы” долбоорун сунуштады. Программанын артыкчылыгы - жергиликтүү тургундар калаага тиешелүү көйгөйлөрдү интернет аркылуу шаардык мэрияга кабарлап, тиешелүү кызматтардын ыкчам жоопторду алып турушат. 

Жаштар жаш кадрларды даярдоо жана аныктоо маселесине да терең көңүл бөлүшкөн. 28 жаштагы Элийзар Тилебалды уулу Жаштарды өнүктүрүү институтунун аткаруучу директору. Окуу жайды жыйырма жашында түзгөн. Ал өз командасы менен азыр жогорку даражадагы кесипкөй адистерди даярдоого багытталган программаны иштеп чыккан. 

Жакында эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы иштелип чыкты. Аны ишке ашырууга бизге сөзсүз түрдө жогорку кесипкөй адистер талап кылынат. Биз президенттин алдында атайын фонд же президенттик программа түзүп, жаштардын чет мамлекеттерде билим алып келүүсүнө шарт түзүүнү сунуштап жатабыз. Албетте алар билим алгандан кийин кайрадан Кыргызстанга кайтып келип, өлкө үчүн иштеп бериши керек. Тилекке каршы азыр бизде билим сапаты начар жана четте окуган жаштарыбыздын көбү кайра мекенине келбей жатышат. 

Президент Сооронбай Жээнбеков жаштар демилгелеген бардык долбоорлор мамлекет тарабынан колдоого алынып, андан ары өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүлөт деп билдирди. Ал айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган, жаш кадрларды даярдоо, экологияга кам көрүүгө багытталган жана социалдык ишкерлик аркылуу социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган бардык демилгелерине канааттанганын белгиледи. 

Абдан ыраазы болдум, аларга колдоо корсотуш керек. иш жузундо колдоо керек. аймактарды кыдырганда чет мамлекеттерде окуп келгендерди коруп атам. Мыкты жаштар келатат. Келаткан жаштарыбыз биздин мамлекттин жугун мойнуна алып, онугккон мамлекетти курганга салым кошот деп ойлойм. Жаштар бар жерде куч бар. Багытты туура корсотуп берсек, жаштар мамлекетти асытаг алып чыгат. 

Президент өлкөнү, аймактарды өнүктүрүүгө, анын ичинен жаш ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу кенен токтолду. «Ош шаарынын тургундарынын онлайн кайрылуу картасы» долбоору туурасында айтып жатып, өлкө башчысы бүгүнкү күндө өлкөдө ишке ашырылып жаткан «Түндүк» долбоору жөнүндө эске салды. 

Мына ушул долбоорлор жаштардын өлкө тагдырына, келечегине болгон кайдыгер эмес мамилесинин, алардын позицияларынын далили болуп турат. Мындай форматтагы жолугушуулар жаштарга дем күч берип, өлкөнү өнүктүрүүгө өбөлгө дагы ондогон долбоорлордун башаты болорун жыйындын делегаттары баса белгилешти.