12-октябрда Ош— ишкек унаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» постунда оор жүк ташуучу жана чиркегичи бар унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, кечээ саат 16:00дон баштап аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнөн улам Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жол тайгак болуп калган. Ага байланыштуу унааладын кыймылына чектөө киргизилди.