Жаңылыктар
Ысык-Көлдө салбурун мелдеши өттү
Спорт
Ысык-Көлдө салбурун мелдеши өттү

Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында салбуурун оюндары өттү. Оюндарга облустун аймактарынан жана Нарын облусунан келген салбурунчулар катышып, алар куш салуу, мергенчилик боюнча күч сынашты.

Салбурун оюндарын уюштуруу милдетин Тамчы айыл аймагынын жетекчилиги, айылдык кеңеш колго алышып, материалдык колдоо көрсөтүшкөн. Эки күнгө созулган мелдеш жаш муундарга улуу мурас катарында калган оюндарды көрсөтүү, үйрөтүү максатын көздөдү.