Жаңылыктар
Россия тарап "кара тизмеге” кирген жарандар үчүн миграциялык мунапыс жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Россия тарап "кара тизмеге” кирген жарандар үчүн миграциялык мунапыс жарыялады

Тышкы иштер министрлиги менен Миграция кызматы Орусиянын “кара тизмесине” кирген жарандарды миграциялык мунапысты колдонуп калууга чакырууда. Кыргыз жарандарына берилип жаткан жеңилдиктин мөөнөтү 10-декабрда аяктайт. Россия Федерациясынын аймагында эреже бузган жарандар Орусиядан сырткары чыгып, кайра кирүү менен мыйзамдуу иш алып бара алышат. Бул мүмкүнчүлүктү эки аптанын ичинде 5 жарым миңдей жаран пайдаланды.

Орусияда ар кандай эреже бузуп, кара тизмеге кирип калган жарандарга жеңилдик берүү маселеси эки өлкөнүн башчыларынын жолугушууларында талкууланган. Натыйжада октябрь айында Россия кыргызстандык эмгек мигранттарына “миграциялык мунапыс” жарыялаган. Бул бир нече ирет административдик жоопкерчиликке тартылган, Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен жана миграциялык мыйзамды бузган жарандарга тиешелүү.

Расмий маалымат боюнча Орусиянын аймагында 650 миңдей кыргызстандык мигранттар бар. Алардын 70 миңден ашууну “кара тизмеге” кирген. 20 миң эмгек мигранты “миграциялык мунапысты” пайдалана алышат. Калган 50 миңине мунапыс колдонулбайт.

Анткен менен “Миграциялык мунапыстын” мөөнөтү чектелүү. Кыргыз жарандары бул мүмкүнчүлүктү 10-декабрга чейин пайдаланып калышы керек. 

Орусиянын аймагында иштеп жүргөн кыргызстандык жарандар бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алды. Себеби “кара тизмеге” кирип калган жарандар өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуу уланта албай, Россиянын аймагынан чыккандан кийин кайра кире алабызбы деп бушайман болуп келишкен.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти “Миграциялык мунапыс” жарыялангандан тартып эки аптанын ичинде 5 жарым миңдей кыргыз жараны “кара тизмеден” чыгарылганын жарыялады.