Жаңылыктар
Парламентте бюджет маселеси каралды
Саясат
Парламентте бюджет маселеси каралды

Өлкөнүн бюджеттик саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда парламенттин тармактык комитетинде Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 

Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында эл өкүлдөрү 2018-жылдын республикалык бюджетине болгон түзөтүүлөрдү талкуулады. Анда депутаттар региондорду өнүктүрүү, пенсиялардын жана жөлөк пулдардын көлөмүн жогорулатуу, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүү жана саламаттыкты сактоо, айыл чарба тармагындагы маселелерди көтөрүп чыгышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"