Райондор арасында волейбол боюнча өткөрүлгөн Кыргызстандын биринчилигинде Ноокат району жеңишке жетти. Бул тууралуу райондун спорт инструктору Ыслам Кожоев билдирди.
«9-ноябрда райондор аралык волейбол мелдеши башталып, 11-ноябрда аяктады. Ага 15 район катышып, Ноокат районунун командасы жарым финалда Баткен районунун оюнчуларын 3:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Ал эми финалда Ноокат менен Тоң району бет келип, жыйынтыгында 3:0 эсебинде ноокаттыктар жеңишке жетти. Жеңүүчү командада Кыргызстандын курамасындагы ноокаттык эки жигит ойноду», - деди Кожоев.