Жаңылыктар
"Кара тизмеге" кирип калбаш үчүн мигрант мекендештер эмнелерге көңүл буруусу керек?
Кыргызстан жаңылыктары
"Кара тизмеге" кирип калбаш үчүн мигрант мекендештер эмнелерге көңүл буруусу керек?

Ноябрдан бери кыргыз-орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Россияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмедеги» жарандарга кайрадан өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Ага ылайык, Россиянын аймагында миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн жарандар өлкөдөн чыгып, кайра жаңы миграциялык карта менен кирсе болот. 

Маалыматка ылайык, мунапыс Россияда бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган же учурда миграциялык эрежелерди бузган жарандарга гана тиешелүү. Кара тизмеге илинген жарандар "миграциялык кечиримди"  10-декабрга чейин колдонуп калууга тийиш. Деги эле мунапыс кимдерге берилди? Учурда канча кыргызстандык кара тизмеде турат? Ага кирип калбаш үчүн мигрант мекендештер эмнелерге көңүл буруусу керек?

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"