Жаңылыктар
Бишкекте “Айтматов жана театр” аттуу эл аралык фестиваль башталды
Маданият
Бишкекте “Айтматов жана театр” аттуу эл аралык фестиваль башталды

12-ноябрда  “Айтматов жана театр” аттуу эл аралык театралдык фестиваль Бишкекте башталды. Бул Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фестивалдын ачылышы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болду. Аны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана   туризм министри сөз сүйлөп ачып, Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун  куттуктоосу окулду.

12–17-ноябрь күндөрү театр сүйүүчүлөрү 7 өлкөдөн келген 18 мыкты спектаклди борборубуздагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, куурчак театры, Жаш көрүүчүлөр театры жана Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынан көрө ала турганын уюштуруучулар билдирди. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи Радио"