Жаңылыктар
"Жолго улаш адамды ала кет!" акциясы демилгеленди
Кыргызстан жаңылыктары
"Жолго улаш адамды ала кет!" акциясы демилгеленди

Жолго улаш адамды ала кет! Бишкекте суук аба ырайынан улам флешмоб жарыяланды. Мындай акцияны интернет колдонуучу Адилет Ногойбаев демилгелеген. Ал социалдык тармакка жүктөгөн видеодон, аялдамаларга топтолгон адамдар маршрутка күтүп тоңуп турганын көрүүгө болот. "Жолго улаш адамды ала кет" деген флешмоб жарыялайм. Эгер унаада жалгыз кетип бара жаткан болсоңуз сураныч, жолдогу адамдарды ала кетиңиз. Эшик абдан суук," — деп жазган Ногойбаев. Борбор калаада мындай флешмоб буга чейин дагы мурдагы жылдары уюштурулган.

Ошондой эле, ордо калаада “Жөө жүргүнчү” рейди да өтүп жатат. Бул иш-чарада мектеп окуучуларынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулмакчы. Ошондой эле, жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер шаардагы унаалар көп жүргөн тилкелерде, мектептин жанындагы жөө өткөөлдөрдө, айдоочулар менен жөө адамдар жол эрежелерин бузбашын көзөмөлгө алышат. 

Рейддин максаты - жол кырсыктарын азайтуу, андан жабыркоолордун алдын алуу. Мындан тышкары балдар менен жолдо жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.