Жаңылыктар
Жалал-Абадда бир катар социалдык курулуштар бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди
Аймак
Жалал-Абадда бир катар социалдык курулуштар бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Аймактарды өнүктүрүү жылында Жалал-Абад облусунун аймагында мектеп, оорукана жана башка бир катар социалдык курулуштар бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Учурда курулуш иштери аяктап калган билим уялары жыл аягына чейин четинен пайдаланууга берилгени турат. Быйыл Жалал-Абад облусунда ар кандай 77 объектиде курулуш иши жүрдү. Анын катарында 13 жылдан бери курулушу токтоп турган Сузак районундагы мектеп да бар. Ал быйыл бүткөрүлүп, саналуу күндөрдөн кийин окуучуларды кабыл алат.

Сузак районунун Кара-Чолок айылындагы бул мектептин ачылышын айылдыктар чыдамсыздык менен күтүп атат. 2004-жылы түрткү берүүчү гранттын колдоосу менен башталган курулуш, 10 жыл бою аягына чыкпай элет элинин түйшөлтүп келген. Быйыл гана иш ыргагы жанданып, эми минтип көптүн кубанычына арзыганы турат. 

Мектептин бүтүшүн чыдамсыздык менен күткөн айыл тургундарынын бири Маратбек Шерматов. Эски мектеп авариялык абалга кептелгендиктен балдарын кооптонуу менен окууга жөнөткөн ата-энелер мында четинен табылат дейт ал. Окуучулар айласы кеткенде айылдагы үйлөрдүн бирине чогулуп окуган күндөр да болгон.

Бул жылы ушул эле Сузак районундагы №33 Рахман Исманалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин да курулушу аяктап, заманбап спорт залы менен болгон типтүү мектеп жакында пайдаланууга берилгени турат. Буга 50 миллион сомдон ашуун акча жумшалып, ал каражат өлкө бюджетинен бөлүнгөн. Жаңы мектеп 225 орунга ылайыкташкан.

Быйыл Базар-Коргон районундагы борбордук стадион толугу менен реконструкциядан өтүп, эле аралык талапка жооп бере тургандай болуп жаңыланды. Буга кеткен каражат да республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Заман талабына төп келип курулган стадиндо коноктор үчүн 3 миң орунудуу отургуч коюлуп, чатыры жабылган. Эми мында спорттук, маданий жана башка ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлдү. Буга 35 миллион сом жумшалган.

Аймактарды өнүктүрүү жылында мектептерден, спорттук жайлардын сырткары Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык мекемеси жаңы курулуп, учурда 90 пайызга курулуш иштери аяктап калган. Мекеменин директору Дамира Алимжанованын айтымында, имарат бардык шарты менен курулууда. Балдар үчүн бассейн, экинчи кабатка чыгуу үчүн лифт да каралган. Бардык шарты менен курулуп жаткан имарат жыл аягына чейин толук бүтөт. 

Быйыл Жалал-Абад облусунда 73 ар кандай обьектинин курулуш иштери жүрүп, анын 22 обьектисин, тагыраак айтканда мектеп, оорукана жана маданий жайларды быйыл бүтүрүп, жыл аягына чейин тапшыруу талабы өкмөт тарабынан коюлган.

Алдыда тапшырылуучу обьектилерди алсак Базар-Коргон жана Ноокен районундагы спорттук жайлар, Аксы районун аймагындагы мектептер бар. Жыйынтыктап айтсак, быйыл Жалал-Абад облусунун курулуш тармагына өлкө бюджетинен 467 миллион сом бөлүнгөн.