Жаңылыктар
Өзбекстандагы элчи кызматына И.Жунусовдун талапкерлиги жактырылды
Саясат
Өзбекстандагы элчи кызматына И.Жунусовдун талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырды. Жаңы элчинин талапкерлигин тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова тааныштырды. 

Эми өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койсо, Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалат. Ибрагим Жунусов 2014-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келген. Ал эми Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков быйыл КРдин президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалгандан бери орду бош турган.