Жаңылыктар
Ош шаарында ишкерлер үчүн кеңири бизнес-форум башталды
Экономика
Ош шаарында ишкерлер үчүн кеңири бизнес-форум башталды

Ош шаарында 13 - 15-ноябрга чейин Business Caravan алкагында ишкерлер үчүн масштабдуу бизнес-форум башталды. Максаты ишкерлерди бирдиктүү түйүнгө бириктирүү. Алгач ирет Ошто уюшулган бизнес-караванга, Бишкек шаары, Нарын, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынан келген 200дөй ишкер катышууда. Анда, аймактар аралык бизнести кеңейтүү жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн табуу үчүн атайын долбоорлор сунушталат. 

Ошондой эле, ишкерлер арасында кызматташуу келишимдери түзүлүп, бизнестеги перспективдүү багыттар боюнча маалыматтар берилип, аймактарга тиешелүү бизнес тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Жолугушууларды өткөрүүгө, көргөзмөлөргө, талкууларга, тренингдерге катышууга жана пайдалуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кербен, мындан кийин, Жалал-Абад, Баткен облустарына багыт алат.

"Кыргызстанда биринчи жолу “Бизнес-Караван” долбоору ишке киришип жатат, мында ишкерлеринин аймактын өкүлдөрү менен жолугушуусу жана тажрыйба алмашуусу үчүн аянтча пайда болот", - деди Жаш ишкерлер бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров.