Жаңылыктар
Тарыхта калган кара так
Кыргызстан жаңылыктары
Тарыхта калган кара так

2010-жылдагы апрель окуясына быйыл туура 6 жыл болду. Бул дата Кыргызстандын кайра жаралууга багыт алган күнү катары тарыхта калды. 

Ошол күнү өкмөт үйүнүн алды канга боёлуп, нааразы болгондордун кысымы токтобогондуктан бийлик сересиндегилер качууга аргасыз болгон. 

Тигил же бул окуянын жыйынтыктарына баа берүү үчүн кеминде 5-6 жыл керек деп айтылып келет. 2010-жылдагы 7-апрель окуясына быйыл туура 6 жыл болуп, өткөн тарыхты эскерүүчү күн келди. 

Дал ошол 7-апрель күнү Бакиевдин режимине каршы болгон миңдеген адам мына бул борбордук аянтка келишкен. Өкмөттүк күчтөр тарабынан атылган октон 90го жакын адам мерт кетип, дагы жүздөгөн адам жаракат алган.