Жаңылыктар
Бишкекте “Агротехэкспо” көргөзмөсү өтөт
Айыл чарба
Бишкекте “Агротехэкспо” көргөзмөсү өтөт

Бишкекте “Агротехэкспо” көргөзмөсү ачылат. 14-ноябрдан башталып, 3 күнгө созулуучу иш-чара айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен “Айыл Банк” тарабынан уюштурулууда. 

Өкмөт үйүнүн астында өтө турган көргөзмөгө республиканын бардык облустарынан жана башка өлкөлөрдөн келген 700дөн ашык фермерлер менен дыйкандар катышат деп күтүлүүдө. Анда алдыңкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөр чыгарган, агроөнөр жай комплекси үчүн дайындалган техниканын жана технологиялар сунушталат. 

Көргөзмөнүн негизги максаты - инвесторлорго Кыргызстандын агрардык секторун даңазалоо, айыл чарба техникасынын атаандаша алгыдай болгон рыногун түзүү, жаңы агроөнөр жай технологиялары жөнүндө фермерлерге маалымат берүү болуп жатат.