Жаңылыктар
Кыргызстанда сөз эркиндиги чектеле баштадыбы?
Саясат
Кыргызстанда сөз эркиндиги чектеле баштадыбы?

 Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту. Алар айрым журналисттерге карата чыгарылган сот өкүмдөрүн сөз эркиндигине доо кетирген көрүнүш деп эсептешет. Ал эми маалымат каражаттарынын өкүлдөрү буга макул эмес. 

Журналисттер аралашкан талаш-тартыштар сөз эркиндигине байланыштуу талкууну пайда кылып же алардын жоопкерчилигинин деңгээлин ченеген жагдайдын жаралышына себепкер. Дайыр Орунбеков, Уран Ботобеков сыяктуу маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө карата сот өкүмдөрүнөн улам укук коргоочулар бийликке кайрылуу жолдошту. Алар муну эркин басма сөздү ооздуктоо катары баалашат. Ал эми башка адистердин, талдоочулардын пикирлери кандай? Сөз эркиндиги менен сыймыктанган Кыргызстанда абал өзгөрө баштадыбы? 

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн өлкө башчысына жана парламент депутаттарына кайрылуусунда журналисттердин укуктары бузулуп жатканы айтылат. Алар Дайыр Орунбеков менен Уран Ботобековго чегерилген айып пулдардын көлөмүнө тынчсызданышууда. Соттор бийликке көз каранды болгон үчүн ушундай чечимди чыгарууга аргасыз экенин белгилешет. Орунбеков президентти айыптаган макаласы үчүн 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Эки инстанцияда жолу болбогон журналист Жогорку сотко кайрылууну көздөп жатат. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова укук коргоо органдары аны күтпөстөн белгиленген каражатты төлөтүүгө аракет көрүп жатат деп нааразы.

Учурунда сөз эркиндиги тебеленип жатат деп Бакиевдин режимине арбын сындар айтылган. Анда жазган макаласы үчүн сот артынан сотто сүйрөлгөн журналисттердин катарында Рыскелди Момбеков да бар эле. Учурда Жогорку Кеңештин депутаттык кызматын аркалап жаткан калемгер, сын-пикирге обьективдүү себептер болушу керек экенин белгилейт. Ал азыр соттолуп жаткандарды толук кандуу журналист деп эсептебейт. Сөз эркиндигинин кечээгиси менен бүгүнкүсүндө олуттуу айырма бар экенин да кошумчалайт. Ошондой эле бейөкмөт уюмдарынын кайрылуусун сынга алды.

 Бирок, укук коргоочулар тарабынан бийликке кайрылуу жолдонушу жүйөөлүү экенин белгилегендер да жок эмес. Медиа эксперт, коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов сөз эркиндиги кайсы бир деңгээлде чектелип жатат деген ойдо.

 Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн бийликке кайрылуу жолдошуна президенттин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат-жыйынындагы билдирүүсү себеп болду. Анда өлкө башчысы өзү тууралуу олуттуу айып койгон макаласы үчүн Орунбековду эч убакта кечирбестигин белгилеген эле. Журналисттерди чындыкты жазууга үндөп, жоопкерчиликтүү болууга чкырган.

-“Беш жыл чыдадым. Жалган экенин билип  туруп 5 жыл бою өлкө президентин улуттар аралык кагылышууну уюштурду деп  айыптап келди. Журналисттин милдети кимдир бирөөнү мактап же жамандоо эмес. Фактыны  жазып, маалыматты адилеттүү жеткириш керек. Мен Орунбековду эч качан  кечирбеймин”.

Ал арада өлкө башчысынын аппараты Орунбековду мурдагы бийликтин тушунда сөз эркиндиги деп курман болгон Геннадий Павлюкка салыштыруу терең жаңылыштык экенин белгиледи.

Айрымдар Орунбековго чегерилген айып пулдун көлөмүнө макул болбосо, президенттин аброю үчүн бул аздык кылаарын айткандар да бар. Кыскасы, өлкө башчынын жана анын айланасындагы адамдардын журналисттер менен талашы эркин басма сөздөгү маселени козгоп, ошол эле учурда маалымат каражаттарынын жоопкерчилиги да талкууланбай койгон жок. Коомдук ишмер, белгилүү журналист Тилектеш Ишемкулов сөз эркиндигин ашкере пайдалануу кыргыз журналистикасындагы эң олуттуу көйгөй экенин айтат. Бул пикирге журналист Мырзакат Тыналиев да кошулат. Сөз эркиндиги болгон жерде андай макалалардын жазылганы жазылган. Ошол эле учурда эркиндикти жоопкерчилик коштоп жүрсө деген пикирде.

Эл аралык уюмдардын баамында Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапта турган өлкө. Президент Алмазбек Атамбаевдин бул мамлекетибиздин жалгыз жетишкендиги экенин айтканы бар. Президентти сындаган, айыптаган макалалардын жарык көрүп жатышынын өзү сөз эркиндигинен кабар берээрин белгилеген адистер четтен чыгат. Бирок, жоопкерчилик да андан кем эмес баалуулук экенин жогорудагы пикирлерден уктук.

Калыгул Асамбаев