Жаңылыктар
“Айтматов жана театр” деп аталган эл аралык фестиваль уланып жатат
Маданият
“Айтматов жана театр” деп аталган эл аралык фестиваль уланып жатат

“Айтматов жана театр” деп аталган эл аралык фестиваль уланып жатат. Иш-чара 17-ноябрга чейин болот. 

Залкар жазуучунун 90 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жаткан театр сынагына 7 өлкөдөн 300гө жакын театр өнөрпоздору келишти.

“Үмүт жылдызы”. Бул спектакль Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармасынын негизинде коюлган. Спектакль Оштогу Бабур атындагы өзбек драма театрынын репертуарындагы мыкты эмгек катары “Айтматов жана театр” эл аралык фестивалына тандалып алынган.

Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында бут коёрго орун жок. Театр элге толуп турат.

Оштогу Бабур атындагы драма театрынын эмгек жамааты улуу жазуучунун өлбөс каармандарынын ички дүйнөсүн, адамдык сапаттарын жана жашоого болгон көз карашын сахнадан чеберчилик менен көрсөтүп беришти.