Жаңылыктар
Тигүү тармагынын жумалыгы чечилбеген көйгөйлөрдү талкуулай турган мыкты аянтча болууда
Кыргызстан жаңылыктары
Тигүү тармагынын жумалыгы чечилбеген көйгөйлөрдү талкуулай турган мыкты аянтча болууда

Тигүү тармагынын жумалыгы текстиль жана тигүү тармагынын жетишкендиктерин гана эмес көптөн бери чечилбеген көйгөйлөрдү талкуулай турган мыкты аянтча болууда. 

Тегерек үстөлдөрдө кадр тартыштыгы, тармакты ар тараптуу өнүктүрүү боюнча түрдүү сунуш, пикирлер айтылып жатат. 

Кыргызстандын тигүү тармагы алтын жана айыл чарба өндүрүшүнөн кийин эле үчүнчү орунду ээлейт. Экспортко багытталган тармакта быйыл 25%га чейин өсүш байкалган. Учурда бул тармакта 200 000ге чукул жаран жумуш орду менен камсыз болгон.