Жаңылыктар
Улан Эгизбаевдин журналисттик ишмердүүлүгүнө арналган китеп жарык көрдү
Билим
Улан Эгизбаевдин журналисттик ишмердүүлүгүнө арналган китеп жарык көрдү

“Чындык деп жанган өмүр”! Дал ушундай аталыштагы китеп Улан Эгизбаевдин журналисттик ишмердүүлүгүнө арналып жарык көрдү. Ага Эгизбаевдин кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери - видео иликтөөлөрү, документалдык тасмалары чечмеленип, жазуу түрүндө киргизилген. 

Ошондой эле, журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан фотобаяндары да камтылды. Авторлордун айтымында, китеп журналист болом деген зирек жаштарга нускоочу, кеңешчи жана жардамчы болмокчу. 

Китептин бет ачарына Эгизбаевдин кесиптештери, устаттары, материалдарында чагылдырылган каармандар, жакындары катышты. “Азаттыктын” кабарчысы, иликтөөчү журналист Улан Эгизбаев ушул жылдын 22-июль күнү, Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, сууга чөгүп каза болгон.