Жаңылыктар
“Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” аталышындагы курултай өтөт
Саясат
 “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” аталышындагы курултай өтөт

Туруктуу элдик кеңеш “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталышта курултай өткөрөт. Бул туурасында курултайдын уюштуруу комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Анын айтуусунда, курултайга төрт баяндама даярдалууда. 

“Биринчиси - Президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасалат. Экинчи докладда уюштуруучулар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдагы ишине баа беришет. 

3-баяндамада 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө обзор жасалат. Төртүнчү баяндамада өлкөдөгү саясий жана коомдук абал тууралуу айтылат - деди Дүйшөбаев. Уюштуруучулар билдиргендей, курултай 24-ноябрга белгиленген, ага 97 партиянын жана 20дан ашык коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.