Жаңылыктар
Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти
Саясат
Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти. Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министри кызматына 17-октябрда, ал эми Маданият, маалымат жана туризм министри болуп Азамат Жаманкулов, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоров 25-октябрда дайындалышкан. 

Парламенттеги бүгүнкү ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, жетекчилердин алдыдагы ишинде ийгиликтерди каалады.