Жаңылыктар
Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт Россияга экспорттоло баштады
Экономика
Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт Россияга экспорттоло баштады

ЕАЭБдын шарттарына ылайык сүт азыктарына болгон суроо-талаптын көлөмү өстү. Буга чейин сүттүн негизги бөлүгү Казакстанга экспорттолуп келген. 

Соңку учурда сүттүн наркы кескин төмөндөп кетти. Элетте жашагандар бир литр сүттү 15 сомдон өткөргөндүктөн уй кармоонун зарылчылыгы болбой калганын жашырышпайт. Сүттү кайра иштетүүчүлөр бирлигинин төрагасы Сүйүн Кадыровдун айтымында сүттү өндүрүп, кайра иштеткен ишканалардын катары өстү. Бир кезде сүттү сыртка сатуу көйгөй жаратып келген болсо, ЕАЭБге киргенден баштап бул маселе оңунан чечилгенин белгиледи.   

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.                                                                         

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"                                                                                     К