Жаңылыктар
Талаштан тактык жаралат
Кыргызстан жаңылыктары
Талаштан тактык жаралат

Балыкчы - Тамчы-Чолпон-Ата - Корумду жолун оңдоо боюнча өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун иликтөөгө алган депутаттык комиссия бүгүн экинчи ирет жыйынга чогулду.

Бул 104 чакырымдык жолдун жалпы баасы 6 миллиард 830 миллион сом экени айтылууда. Бул жолку жыйында Унаа жана байланыш министри бир топ маселелерди ачыктады. 

Эске сала кетсек депутаттык комиссия 104 чакырымдык Балыкчы - Тамчы-Чолпон-Ата - Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун иликтөөгө алган. 

Анын курамына “республика Ата-Журт” фракциясынын 4, “Кыргызстан” фракциясынын 2 депутат, жана “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кирген. Комиссиянын төрагасы “Бир Бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев.
Нургуль Жумабекова, Элдияр Асанбаев КБК