Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант беришти
Саясат
Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант беришти

Талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет. Берген антты дайым эстеп, эстен чыгарбоо зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйында жаңы дайындалган министрлердин ант берүү аземинде Президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Парламентте бүгүн тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековдун, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдор ант берип, расмий түрдө ишке киришти. Эми ишти алдыга жылдырып, жүктөлгөн милдетти так аткарып кетүү маселеси алдыда дейт эл өкүлдөрү. Өзгөчө жаш кадрлардан эл өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү күтүп жатат. 


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"