Жаңылыктар
Кант диабети эмнеден келип чыгат?
Ден соолук
Кант диабети эмнеден келип чыгат?

14-ноябрь бүткүл дүйнөлүк диабет менен күрөшү күнү! Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде белгиленип келет. Кыргызстанда 9 жылдан бери бул илдет менен күрөшүүгө арналган иш-чаралар өтүп келет. Учурда Кыргызстанда 55 миңден ашуун адам кант диабети менен жабыркайт. 

Соңку убактарда аталган дартка чалдыккандар барган сайын өсүп бараткандыгын адистер айтууда. Мындан 10 жыл мурда бул оору менен жабыркагандардын жаш курактары 50 жаштан өткөндөр болсо, бара-бара бул оору менен жаш улан-кыздар да жабыркоодо. Деги эле кант диабети эмнеден улам келип чыгат, ал кандай оору? 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Алина Абасова, "Биринчи радио"