Жаңылыктар
Өкмөттүн эрктүү чечими
Саясат
Өкмөттүн эрктүү чечими

Кыргызстан өзүнө тиешелүү объектилерди менчиктештирүүдө. Жакында эле Ысык-Көл облусунда жайгашкан төрт эс алуу жайын мамлекеттин карамагына өткөрүү тууралуу токтомго премьер-министр колду койду. Буга чейин “Алтын кум”, “Дилорам”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары Өзбекстанга таандык эле.

 Албетте мындай кадам эрктүү чечим экенин айткан серепчилер, миллиондогон каражаттар бөтөнгө эмес өзүбүзгө түшөт дешет. Бул пансионаттардын бир жылдык салыгы 11 жарым миллион сомдон ашат. А кирешеси өтө эле көп. 

Пансионаттарды Кыргызстандын ээлигине которуу жакында эле Аксы - Ала-Бука жолундагы чек ара окуясы менен байланышы жок. Кыргызстан өлкөнүн аймагында жайгашкан бардык объектилерди өзүнүн карамагына өткөрүп алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.