Жаңылыктар
Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Эл аралык театр фестивалы уланууда
Маданият
Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Эл аралык театр фестивалы уланууда

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Эл аралык театр фестивалы ийгиликтүү уланууда. Алп жазуучунун чыгармаларын 9 мамлекеттен келген театрлардын таланттуу чеберлери тартуулашты. “Саманчынын жолу” спектакли жаңы ыкмада сахналаштырылып, борбор калаадагы Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында коюлду.

“Саманчынын жолу” чыгармасын эң биринчи жолу 1964-жылы РСФСРдин эмгек сиңирген артисти Львов-Анохин сахналаштырып, Москвадагы Станиславский атындагы драма театрда коюлган. Бул спектакль менен труппа дүйнөнүн көптөгөн шаарларын кыдырган. Жыл өткөн сайын чыгарманын театралдык варианты таланттуу режиссёрлор тарабынан жаңыча стилде коюлуп, көрүүчүлөргө тартууланууда. Ал эми Кыргыз драма театры даярдаган спектакль 1965-жылы Кремль театрында коюлган. Былтыр да Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында "Саманчынын жолу" спектаклинин режиссёр Марат Козукеев койгон жаңыланган версиясы көрсөтүлдү.