Жаңылыктар
"Макмал" алтын кенин иштетүүгө тандоо-сынак жарыяланды
Экономика
"Макмал" алтын кенин иштетүүгө тандоо-сынак жарыяланды

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому "Макмал" алтын комбинатынын алкагында биргелешкен ишкана түзүү боюнча тандоо-сынак жарыялады. Ал 14-ноябрдан тарта бир ай бою жүргүзүлүп, сынакка Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде катталган юридикалык жактар, ошондой эле Кыргызстандын жана чет өлкөнүн жарандары болгон жеке жактар катыша алат. 

Тандоо сынагына арыздар кабыл алынгандан кийин мекемелер аралык комиссия беш жумушчу күндүн ичинде жеңүүчүнү аныктайт. Уткан компания же жеке жактар андан ары "Макмал" алтын кенин иштетүүгө укук алат. Сынактын жобосуна ылайык, тандоого катыша турган инвесторлор бир катар критерийлер аркылуу тандалып алынат.