Жаңылыктар
Бишкекте көчөттөрдү үшүктөн сактоо үчүн жылуулоо иштери жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте көчөттөрдү үшүктөн сактоо үчүн жылуулоо иштери жүрүп жатат

Борбор калаада жаш көчөттөрдү үшүктөн сактоо үчүн жылуулоо иштери жүрүп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек жашыл чарбасынын” кызматкерлери быйыл отургузулган жаш көчөттөрдү жылуу мүшөктөр менен ороп жатышат. 

Жалпысынан көчөлөрдө, гүлбактарда, эс алуу жайларында отургузулган 10 миңден ашуун көчөт жылууланат.