Жаңылыктар
Бишкекте "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аталган II эл аралык конференция өтүүдө
Дин
Бишкекте "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аталган II эл аралык конференция өтүүдө

"Ислам азыркы светтик мамлекетте" аталышындагы экинчи эл аралык конференция өттү. Ага жүздөн ашуун жергиликтүү дин кызматкерлери, дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн келген 50гө жакын мамлекеттик диний мекемелердин өкүлдөрү, дүйнөлүк денгээлдеги аалымдар, серепчилер катышты. 

Иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, эл аралык конференциянын маанилүүлүгү, Кыргызстандагы диний абал, анын алкагындагы маселелер тууралуу айтты. Анын жүрүшүндө талкуулана турган негизги темалар - диний билим берүү, исламдагы аялдардын орду, диний темаларды маалымат каражаттарында туура чагылдыруу жана ислам дининдеги жаштардын ролуна багытталган. Эл аралык конференция 16-ноябрда жыйынтыкталат.


"Келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек. Ата-бабалар карманган ислам дини светтик коомго, светтик мыйзамдарга карама-каршы келбейт. Муну менен катар диндин коомдун турмушуна тийгизген жакшы жактары көп, бирок исламды жамынып, динди жаман көрсөтүп жаткандар болууда. Радикалдуу диний агымдарга альтернатива иретинде исламдын салттуу баалуулуктарын мамлекет илгерилетүүсү керек", - деди президент Сооронбай Жээнбеков.