Жаңылыктар
Ысык-Көл облусттук оруканасы заманбап үлгүдө жабдылган лабораторияга ээ болду
Ден соолук
Ысык-Көл облусттук оруканасы заманбап үлгүдө жабдылган лабораторияга ээ болду

Ысык-Көл облусттук оруканасы жаңы, заманбап үлгүдө жабдылган лабораторияны ишке киргизет. Ал борборлоштурулуп күн сайын анализдердин 119 түрүн чыгара алат. Мындан сырткары, онко-маркер же рак илдетине текшерүү жүргүзүлөт. Борборго жаңы үлгүдөгү биохимиялык анализатор, кагулометр, гематологиялык анализатор, имунохимиялык имуносенпик анализатору, электрофорез жана башка аппараттардын баары жаңы алынды. Азыркы тапта лабораториялык жабдыктар сынактык текшерүү иштеринен өтүп жатат.

"Бизге келген аппаратуралар анын ичинде биохимиялык анализатор, кагулометр, гематологиялык анализатор,имунохимиялык имуносенпик анализатор жана электрофорез апараттары адамдардын фактору жок эле иштегенге мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, ушул эле эски аппараттар менен мурда биз күнүнө 80,100 анализ алып берсек, бул жаңы аппараттар менен күнүнө 250, 300 анализ алууга мүмкүн. Бизге абдан жеңил болду. Заманбап шартта, көп нерсеге убара болбой так жана жеңил анализдерди чыгарып берип турабыз",- дейт Ысык-Көл облустук ооруканасынын клиникалык диагностика бөлүмүнүн башчысы Чынара Эсеналиева.

"Биздин максат сыркоологон адам анализдерин бергенден кийин анализге кайра аркасынан келбей уюлдук телефонунан, компьютерден жыйынтыгын алгандай болушу керек. Мындан биринчи убакыт үнөмдөлөт жана саламаттыкты сактоо тармагына нааразы болбой, ыңгайлуу тейлөө ала алышат",- деди Ысык-Көл облустук оруканасынын башкы дарыгери Токтобай Маанаев.