Жаңылыктар
Дүйнөдө антибиотиктерди туура пайдалануу жумалыгы өтүүдө
Ден соолук
Дүйнөдө антибиотиктерди туура пайдалануу жумалыгы өтүүдө

Мындан бир кылым мурда денедеги жаракат же илдет адамды өлүмгө алып келчү. Антибиотиктердин пайда болушу менен көпчүлүк ооруларды жеңүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок дүйнө жүзүндө жаңы көйгөй жаралды - дарыгердин кеңеши жок дары-дармектерди пайдалануу. Буга байланыштуу ордо калаада лабораториялык адистердин жыйыны өтүп, антибиотиктер кандай учурда колдонула тургандыгы тууралуу кеп болду.

Окумуштуу Александр Флеминг адамзаттын тарыхында алгачкы антибиотик - пенницилинди ойлоп тапкандан бери 90 жыл өттү. Ачылыштан кийин адамдардын жашоо мөөнөтү бир топ узарды. Мисалы аялдардын өлүмү 8, ымыркайлардыкы 6 эсе кыскарды. Эми бир дагы илдет мурдагыдай коркунуч алып келе албайт. Бирок, антибиотиктерди туура эмес пайдалануу - көпчүлүк ооруларга таасирин бербей калды.

Учурда дүйнө жүзү боюнча антибиотикти туура пайдалануу жумалыгы өтүүдө. Санитардык кызматтын лабораториялык адистери тажрыйбасы менен бөлүшүп, азык-түлүккө кошулган антибиотиктерди аныктоо үчүн жыйынга чогулду. Дарыланып жаткан кишинин организмине антибиотик тамак менен кошо кирет. Бул сүт, эт азыктары. 

Антибиотик - бул дары. Аны ыгы менен пайдаланып, колдонулган көлөмүн эске алуу зарыл. Дарыны курбу же кошунага караганда дарыгер өзү жазып бергени жакшы. Жадагалса дарыканадагы фармацевттер антибиотик боюнча кеңеш берүүгө укугу жок. Ошондуктан көпчүлүк жерде антибиотик дарылары рецепт менен сатылат.
Антибиотикти колдонуу атайын өлчөмү, ыгы менен ичилүүгө тийиш. Аны дарыгер жазып берген мөөнөттөн ашырбоо керек.