Жаңылыктар
Мухаммедкалый Абылгазиев: "Келечекте өлкө бюджетинде тартыштык болбойт"
Экономика
Мухаммедкалый Абылгазиев: "Келечекте өлкө бюджетинде тартыштык болбойт"

Өлкө бюджетинин келээрки жылга карата тартыштыгы 10 миллиард сом деп белгиленүүдө. Ал эми 2020-2021-жылдарга карата тартыштык толугу менен жоюлат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештеги жыйында билдирди. Өкмөт башчысы мындай натыйжалар кирешелердин көбөйүшү жана чыгашалардын натыйжалуулугун жогорулатуу менен жетишилээрин айтты. Учурда Жогорку Кеңеште 2017-жылдагы бюджеттин аткарылышы, келээрки жылдын бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга карата божомолдор талкууланууда.

“Кредит түрүндө алынган каражаттардын бардыгы толугу менен экономикага салым бере турган өнүгүү долбоорлоруна жумшалат. Дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе бюджеттин тартыштыгы. 2016-жылы Сооронбай Шарипович баштап кеткен иш уланат. 2019-жылга карата тартыштыкты 20 млрддан 10 миллиардга азайтып келип сунуштап жатабыз”,-деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.