Жаңылыктар
Өлкөнүн агрардык дарамети
Айыл чарба
Өлкөнүн агрардык дарамети

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылга салыштырмалуу быйыл өндүрүлгөн продукциянын көлөмү жогору. Бүгүн кесиптик майрамын белгилеп жаткан, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле экспорттук дараметин өнүктүрүүдө негизги күч боло турган адистер тармактын алдында турган милдеттерди да жакшы түшүнөт. 

Акыркы жылдары айыл чарба багытына миллиарддаган сом салынды. Үрөн жана асыл тукум чарбаларын колдоо иштери жалпы айыл калкынын турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүүдө. Ошентсе да агрардык сектордо көйгөлөр аз эмес. Мисалы август айында баткендеги багбандар түшүмүн арзан сатууга аргасыз болду. Алар өз алдынча бул маселени чечүүгө чамасы жетпейт.


Баткенде миңдеген гектар аянтта өрүк өстүрүлүп, жыл сайын 60 миң тоннага жакын түшүм алынат. Анын жарымы коңшу Тажикистанга сатылат. Товар биздики болгону менен бааны кошуна тарап коёт.


Бул - дыйкандардын түшүмүн сата албай калган учурлардын акыркысы эмес. Ушундай эле окуяга Талас облусунун багбандары кабылган. Таластыктар сентябрь айында кара өрүк терип, жарыбаган наркта сатышкан.

Мындай көрүнүш жыйырма жылдан бери кайталанып келет. Бир жылда кайсы өсүмдүктүн баасы жакшы болсо, дыйкандардын баары кийинки жылы ошону айдашат. Жыйынтыгында түшүм көп болуп, чыгымга учурашат. Муну тиешелүү адистер көзөмөлгө алса.