Жаңылыктар
"Айыл банктын" капиталы көбөйтүлдү
Экономика
"Айыл банктын" капиталы көбөйтүлдү

“Айыл банктын” капиталы 1 миллиард сомго көбөйтүлдү. Бул шартты бекемдеген буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул эң башкысы айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө болгон дагы бир кадам. Ошондой эле, дыйкан, фермерлер үчүн насыянын пайыздык чени төмөндөйт. Бул өз кезегинде өлкөнүн экспорттук дараметин арттырууну да шарттайт. 


Теңир тоонун кулуну Дастан Бактыгулов үч-төрт жылдан бери “Айыл банктан” насыя алып, туруктуу кардарга айланган. Бул жолу да майда жандыктарын көбөйтөйүн деген үмүт менен банктан каражат алууга кайрылды. Документтерин өткөргөн Дастан жакынкы күндөрү 50 миң сом насыя алганы турат. Буга чейинки алган насыянын жардамы менен дыйканчылыкты жолго койгон. Эми мал курап, үй-бүлөсүнүн кирешесин көбөйтөйүн деп турат.

Соңку жылдарда насыяга болгон муктаждык көбөйгөнүнө байланыштуу Өкмөт “Айыл банктын” капиталын 1 млрд сомго көбөйттү. Эми элеттеги дыйкан, фермерлер азыркыдан да көбүрөөк насыя алууга мүмкүнчүлүк алышат. Ал гана эмес насыянын пайыздык чени да төмөндөтүлөт-дейт “Айыл банктын” төрагасы.