Жаңылыктар
Апрель революциясынын 6 жылдыгы эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель революциясынын 6 жылдыгы эскерилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн «Ата-Бейит» эстелик комплексинде Апрель окуяларында шейит кеткендерди эскерди. Иш-чарада Апрель баатырларынын мүрзөсүндөгү эстелик тактага гүлчамбар коюлуп, куран окутулду.

 Эскерүү иш-чарасына ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Темир Сариев, Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева катышты.


 Ата-Бейитте 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары дагы куран окутушуп, эстеликтерге гүлчамбарларды коюшту. Апрель революциясында кыргыз эли үй-бүлөлүк режимге, алардын элди тоноого багытталган саясатына каршы чыгып, Бакиевдин бийлигин кубалашканы айтылды. 2010-жылы 7-апрелде эгемен Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсү, элдин бакубат жашоосуна жол ачуу үчүн 87 азаматтын өмүрү кыйылган. Кийин ар кандай жарааттардан улам дагы 35 адам каза болгон.

 Ошондой эле, президент бүгүн Апрель элдик революциясынын баатырларын эскерип, 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылдагы апрель окуясында өлкө азаттыгы үчүн жанын берген баатырлардын элесине арналып "Ала-Тоо" аянтына тургузулган эстеликке гүл чамбарын койду.