Жаңылыктар
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун капиталы көбөйтүлдү
Экономика
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун капиталы көбөйтүлдү

"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун капиталы бир миллиард сомго көбөйтүлдү. Муну ырастаган буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мындан чечим "Айыл Банкын" мындан ары өнүктүрүп, андагы мамлекеттик акциялар пакетин натыйжалуу башкаруу максатында кабыл алынды. 

Өкмөттөн билдиришкендей, бул чара ата мекендик агрардык рынокту өнүктүрүүнү шарттайт. Кошумчалай кетсек, "Айыл Банк" - агрардык тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырган өлкөнүн ири финансылык институттарынын бири, ошондой эле сапаттуу банктык кызматтардын толук тизмесин сунуштайт.