Жаңылыктар
Жалал-Абадда спорттун бир нече түрү боюнча мелдеш болду
Спорт
Жалал-Абадда спорттун бир нече түрү боюнча мелдеш болду

Жалал-Абад шаарында жаштар арасында спорттун бир нече түрү боюнча мелдеш болду. Ынтымакка жана биримдикке чакырган иш-чарага студенттер катышып, аркан тартыш, кол күрөш, топ таш жана башка спорттук оюндар боюнча күч сынашты. Мелдешке 12 команда катышты. 

Аларга атайын түзүлгөн калыстар тобу көз салды. Соңунда жеңүүчүлөр ардак громата, кубок жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Саамалык жаштар жумалыгына жана келе жаткан 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата уюштурулган.